Меню
Эл-Сөздүк

Үн чыгаруу

Үн чыгаруу – бул дүйнөдөн кайткан адамдын үйүнө кыргыздардын өкүрүп аттан түшүү зыйнаты.Бала-бакыраларынын эртели-кеч маркумду эскерип жоктоо, кошок кошуп туруу салты. Өлүк үчүн өлүк чыккан үйгө назар таштоо вазийпасы, жүз көрсөтүү. Дасторкон көтөрүп, куран окутуп келүүдө аялдардын да үйдөгүлөрү менен кошулуп жоктоолору. Айрым учурларда мындан өлүк коюлгандан кийинки мезгилдерде “Өкүрбөй келип түштү”, “Оо, о деп үн катып койбойт, андан бирдеме болобу?” өңдүү таарынычтар да пайда болгон (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 306-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: